Казакстанда 1-класстарга орус жана англис тилдерин окутуу жокко чыгарылды

Казакстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан баштап 1-класстын окуучуларын бир эле учурда үч тилде окутуу токтотулду. Бул тууралуу билим берүү министри Асхат Аймагамбетов билдирди.

Ал мындай чечим жеңилдетүү үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү. Ал мамлекеттик тилде окуткан мектептерге тиешелүү. «Экинчи жана үчүнчү тилди өздөштүрүү үчүн бала өз эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөнүшү керек, ошондуктан мамлекеттик тилде окуткан 1-класстан баштап балдар жалаң казак тилин үйрөнүшөт. 2-класстан баштап орус тилин өзүнчө сабак катары окутуу башталат, ал эми 3-класстан баштап бардык мектептерде англис тили окулат», — деди Асхат Аймагамбетов өкмөттүн жыйынында.