Казакстанда 1-класстын окуучусун дааратканага жибербей койгон мугалим жазаланды

Казакстандын Рудный шаарындагы мектепте 1-класстын окуучусу менен болгон окуядан кийин мугалим сөгүш алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

9-март күнү №18 Абай атындагы мектепте 1-класстын окуучусу сабакта дааратканага барууну суранган. Мугалим аны биринчи жолу жиберген, бирок кыз экинчи жолу дааратканага барууну суранганда мугалим окуучу сабактын аягына чейин тактап айтканда, 7 мүнөт чыдайт деп ойлогон. Бирок кыз заара кылып салган.

Окуучу кыздын апасы шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылган. 14-мартта Рудныйдын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темурхан Жайлибаев бул иш боюнча комментарий берди. «Мугалим күнөөсүн мойнуна алат, өкүнөт, ошол эле күнү түшүндүрмө жазган. Ал жазаланып, андан кийин кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бирок апасы мугалимге да, мектепке да дооматы жок экенин билдирген. Окуучу менен мектеп психологу иштеген, ал кайсы класста болсо, ошол эле класста окуусун улантат», — деди Жайлибаев.