Казакстандын Нур-Султан шаарында өспүрүм жигит көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан түшүп бараткан баланы сактап калган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
«Терезеден болжолдуу эки жаштагы кыздын түшөрүнө аз калды. Бир саат бою биз батирге кире албай, полицияны чакырдык. Көп балалуу үй-бүлөнүн 17 жаштагы баласы өз өмүрүн тобокелге салып наристени кырсыктан аман алып калды», — деп жазган окуяга күбө болгон адам.
Куткаруучу жигит өзү көп балалуу үй-бүлөнүн баласы экенин жана келечекте анын балдарына да керек учурда кол сунган адамдар болоруна үмүттөнөрүн айткан.
Тажик өкмөтү көзү ачыктарга барып, алардын кызматынан пайдалангандар үчүн айып пул салууну өлкөнүн парламентине сунуштады. Бул тууралуу «Азия плюс» жазды. ...
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Fox News телеканалына маек берип, тараптар “макулдашууга жетүүгө...
Аляскадагы Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында Орусия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп жолугушту. Бул тууралуу Медуза басылмасы жазды. Бул...