Казакстанда 2 кабаттуу кафеде жарылуу болду (видео)

Казакстандын түштүк-батышындагы Актау шаарындагы кафеде жарылуу болуп, имарат толугу менен талкаланды. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 7-ноябрда түнү болгон. Анда 29-кичи районунда жайгашкан эки кабаттуу «Аянат» аталышындагы кафеде жарылуу болгон. Жарылуунун себеби жана кыйраган аймак аныкталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.