Казакстанда 4 жаштагы бала киши колдуу болду. Ал 2 күндөн бери изделип жаткан

Актөбөдө дайынсыз жоголгон төрт жашар баланын жансыз денеси табылды. Социалдык тармактарда дайынсыз жоголгон төрт жашар Данил Ахуновду издөөнү координациялаган активисттер баланын өлүмү тууралуу кабарлашканын жазышты.

Казак полициясы маалыматты тастыктап, баланын киши колдуу болгон жансыз денеси табылганын билдиришти. Шектүү кармалып, камакка алынды. Ал тууралуу башка маалымат беришкен эмес.

Данил Ахунов 28-декабрдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан. Анын атасы дүкөнгө барып келем деп уулун подъездге таштап кеткен. Келип таппай калган.