Казакстанда 20 жылдай үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялды күйөөсү менен жарашууга үндөгөн берүү жабылды

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялды күйөөсү менен жараштырууга аракет кылган ток-шоу жабылат. Бул тууралуу маданият жана маалымат министри Аида Балаева билдирди.

«11-мартта «Хабар» каналында үй-бүлөлөрдүн актуалдуу көйгөйлөрүн айтып гана тим болбостон, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууга салым кошуу максатында «Бирак…» берүүсү көрсөтүлдү. Бирок бул түз эфирде редакторлор өз максатына жете алышкан жок. Аялды адаштырып, коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Бул ток-шоу жабылат”, — деп жазган Аида Балаева Фейсбук баракчасына.

Каналдын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу элден кечирим сурады.

Берүүдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аял 18 жыл чогуу жашаган күйөөсү колун сындыргандан кийин балдары менен үйдөн кеткенин айткан. Анын бети атайын беткап менен жабылган болчу. Маалым болгондой, телеканалдын өкүлдөрү аялды күйөөсү съёмкага катышпайт деп ишендирген. Бирок ал телеберүүгө чыгып, аялды беткапты чечүүгө мажбурлаган. 

Жыйынтыгында алып баруучулар да, эксперт катары студияга чакырылган коноктор да ыйык Рамазан айы болуп жатканын жүйө келтирип, аялга күйөөсүн кечирүүгө кеңеш бере башташкан.