Астананын 21 жаштагы тургуну түн ичинде уктап жаткан туугандарына бычак менен кол салган. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» жазды.
Ал 1997-жылы туулган тууганын ошол жерден өлтүрүп, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок алар да оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
«Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жаңжалга популярдуу компьютердик оюн себеп болгон. Туугандарынын үйүндө жашаган 21 жаштагы жигит телефонунда оюн ойноп жаткан. Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылган жакындары телефонун алып коюшкан. Жигит кек сактап, өч алууну көздөгөн. Түндө ашкана бычагын алып, уктап жаткан туугандарына бир нече жолу бычак сайган. Туугандарынын бири ошол жерден каза болгон. Дагы үчөө оор жаракат менен ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.