Казакстанда 21 жаштагы келин тамак сураган 2 кызын муунтуп өлтүргөнү маалымдалды

Казакстандын Темиртау шаарынан 15 мүнөт алыстыкта ​​жайгашкан Гагаринское айылында 2 кичинекей баланын өлтүрүлүшүнүн жаңы чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, кичинекей кыздар ачка болгон. Апасы эки кызын – эки жашар Миа менен төрт жашар Каринаны дагы бир жолу тамак сураганда муунтуп өлтүргөн. 21 жаштагы келин үчүнчү кызына тийген эмес – ал болгону 6 айлык.

«Ал 4-апрель күнү түшкү тамак маалында балдарды муунтуп өлтүргөн. Анан кечке чейин чогуу жашаган кишини күтүп өлүктөр менен отурган. Ал жумуштан келгенде балдардын төшөктө жаткан денесин көрсөтүп, эч себепсиз каза болгонун айткан. Киши полицияга кайрылган. Алар полицияны да алдап, кыздардын тамакка ууланганын айтышкан. Полиция алардын акыркы жолу эмне жегенин билүү үчүн ашканага барышканда, тамак түгүл нандын күкүмү да болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.