Казакстанда 26 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды

Батыш Европа — Батыш Кытай унаа жолунда Жуалы районунун Нурлыкент айылына жакын жерде 26 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Кырсыкка катуу кар күрткүсү жана трассадагы муз себеп болгон деп билдирет Tengrinews.kz.

Жамбыл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 31-январь күнү эртең менен Батыш Европа – Батыш Кытай унаа жолунун 567-чакырымында ири жол кырсыгы катталган.

«Аба ырайынын начардыгынан 26 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен каза болгондор болгон жок. 25 адам ооруканага кайрылышкан», — деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгы.