Казакстанда 29-октябрь аза күтүү күнү деп жарыялады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Карагандадагы шахтадагы авариядан кийин улуттук аза күтүү жарыялады.

«Мамлекет башчысы 29-октябрь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланарын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Карагандадагы Костенко шахтасында каза болгондордун саны 21 адамга жеткен. «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шахтада 23 шахтер калды.