Казакстанда 3 баласы чарчап калган келин төрөткананын терезесинен секирди

Каскелең шаарындагы төрөт үйүнүн 3-кабатынан аял секиргенин блогер Сауле Бикитеева билдирди.

Маалыматка караганда, келин төрөтканага мындан 4 күн мурда түшкөн. «Келиндин буга чейин үч жолу боюнда болгон. Биринчи баласы курсагында чарчап калган. Экинчи баласын ЭКОнун жардамы менен боюна бүтүргөн. Бирок 26-жумасында андан ажырап калган. Бул жолкусунда да баласын сактап калуу мүмкүн болгон эмес», — деди оорукананын кызматкерлери.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, аял реанимацияда жаткан. «Жанында медайым бар экен, ага дары берип жаткан. Ал медайымды түртүп жиберип, терезеден секирип кеткен. Учурда абалы туруктуу, колдору сынган», — дешти төрөт үйүнүн дарыгерлери. «Бир эле учурда үч баладан ажырап калуу оңой эмес, балким, аял төрөттөн кийинки стресске кабылгандыр», — деп түшүндүрүштү дарыгерлер.