Казакстанда 3 баласын өлтүрүүгө шектелип өз атасы кармалды

Казакстанда 2011, 2014, 2016-жылы туулган балдарын өлтүрүүгө шектелип балдардын атасы кармалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Полиция билдиргендей, 36 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Үрөй учурган окуя 25-мартта Актауда катталган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, ата 3 баласын бычактап салган. Жерине барган полиция 12, 9 жана 7 жаштагы киши колдуу болгон балдардын жансыз денесин тапкан.