Казакстанда 3 жаштагы небереси менен тоңуп каза болгон түгөйлөр. Жакындары аларды айдоочу түшүрүп салган дешүүдө

Казакстандын Жармин районундагы Теристанбалы айылында улгайган түгөйлөр 3 жаштагы небереси менен суукта тоңуп калышкан. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя мындан 2-3 күн мурда болгон. Алардын жакындарынын айтымында, үчөө шаардан айылга конокко барышкан. Кеч киргенде үйүнө баруу үчүн жол тосушкан. Жакындары унаадан аларды айдоочу түшүрүп салганын же өзүлөрү түшүп калышканын божомолдошууда. Алардын айтымында, айылга 1 чакырым жетпей калышкан.

«Алардын сөөгү эртең менен табылганда айылдан 50 метр алыстыкта жаткан экен. ​​Ал эми агам менен анын небереси 100 метр алыстыкта ​​жаткан. Азыр жакындары ызгаардуу аба ырайында адамдардын талаага таштап салган себебин аныктоо үчүн айдоочу издеп жатышат», — деп билдирген каза болгон үй-бүлөнүн тууганы.