Казакстанда 4 жаштагы балага түлкү кол салган. Айылга карантин киргизилди

Казакстандын Актөбө облусунда түлкү төрт жашар баланы тиштеп алган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Окуя Жаманкөл айылында болгон. Баланын атасынын фермасы болгон. 4-июль күнү үй-бүлө дарыяга түшүп, эс алып жатканда капыстан камыштан түлкү чыгып, балага кол салган.

Жырткыч өлтүрүлүп, өлүгү изилдөөгө жөнөтүлгөн. Анда кутурма оорусу бар экени аныкталган. Окуядан кийин бала ооруканага жеткирилген. Азыр бала жакшы, учурда үйүндө. Бирок бала кутурмага каршы эмдөөлөрдү алууну улантууда, профилактикалык дарылоо 28 күнгө созулат.

«Жаманкөлдө 21 күн карантин болот. Малды айылдан алып чыгып, ал жакка алып кирүүгө болбойт. Эт, сүт жана башка жаныбарлардан алынган азыктарды сыртка чыгарууга болбойт», — деди Актөбө шаарынын ветеринария башкармалыгынын башчысынын орун басары.