Казакстанда 6 жыл наристе күткөн келин 3 эм төрөдү

Казакстандын Хантагы айылынын тургуну, бир нече жылдан бери наристе күткөн Бакыткүл Саттархан үч эм — эки уул жана бир кызды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Балдардын атын Багым, Ансар жана Аслан коюшту. Үч эм мөөнөтүнөн мурда — кош бойлуулуктун 29 жумасында төрөлгөн.

«28 жаштагы Бакыткүл Саттархандын айтымында, ал баланы алты жыл күткөн. Эми үч эмдүү болуп отурат. Бул Эрмахановдордун үй-бүлөсү үчүн чоң кубаныч алып келди», — деп жазылат маалыматта.