Казакстандын Жамбыл облусунда салмагы 6 килограммдан ашкан ымыркай төрөлгөнүн Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
«Мындай ымыркайлар дүйнөлүк акушердик практикада «гигант түйүлдүк» деп аталат. Айгерим Тукееванын биринчи төрөтү кесарево жолу менен ийгиликтүү өттү. Төрөттөгү жаракаттар дээрлик жокко эсе. Айгерим Тукеева менен Бекзат Тлеубердиновдун ымыркайы 6 килограмм 140 грамм салмакта төрөлдү», — деп айтылат маалыматта.