Түркстандык 13 жаштагы окуучу укмуштуудай рекорд койду. Фатима Алишер кызы бир жарым жылда 700дөн ашык китеп окуган. Жаш китеп сүйүүчү бир китеп окууга 3 сааттан ашык эмес убакыт коротот. Бул тууралуу Otyrar.kz жазды.
Кыздын сүйүктүү жанрлары — классикалык адабият жана фантастика. Фатима китеп окууну библиотерапия деп эсептейт: окуу психикалык ийкемдүүлүктү жана чыгармачылыкты жакшыртат, депрессия жана тынчсыздануу белгилерин азайтат. «Мен казак адабиятын көп окугам. Сүйүктүү авторлорум Миржакып Дулатұлы, Бейимбет Майлин. Сүйүктүү романдарымдын бири — Каржаубай Омарулы жазган «Аке». Керемет чыгарма», — дейт ал.
Фатима бул жыйынтык менен токтоп калууну ойлобойт. 5 жылда Түркстандын тургуну кеминде 5 миң китеп окууну пландоодо.