Казакстанда 8-класстын окуучусу 1,5 жылда 700 китеп окуп чыккан

Түркстандык 13 жаштагы окуучу укмуштуудай рекорд койду. Фатима Алишер кызы бир жарым жылда 700дөн ашык китеп окуган. Жаш китеп сүйүүчү бир китеп окууга 3 сааттан ашык эмес убакыт коротот. Бул тууралуу Otyrar.kz жазды. 

Кыздын сүйүктүү жанрлары — классикалык адабият жана фантастика. Фатима китеп окууну библиотерапия деп эсептейт: окуу психикалык ийкемдүүлүктү жана чыгармачылыкты жакшыртат, депрессия жана тынчсыздануу белгилерин азайтат. «Мен казак адабиятын көп окугам. Сүйүктүү авторлорум Миржакып Дулатұлы, Бейимбет Майлин. Сүйүктүү романдарымдын бири — Каржаубай Омарулы жазган «Аке». Керемет чыгарма», — дейт ал.

Фатима бул жыйынтык менен токтоп калууну ойлобойт. 5 жылда Түркстандын тургуну кеминде 5 миң китеп окууну пландоодо.