Казакстанда 80 жаштагы пенсионерлер карылар үйүндө баш кошушту

Шымкенттеги карылар үйүндө 80 жаштагы жубайлар үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Алар Шымкенттеги социалдык тейлөө борборунда жолугуп калышкан. Кашымбек Мусакулов эки жыл мурун балдардын тынчын албоо үчүн үйүнөн чыгып кетүүнү чечкен. Бул жерде ал жаңы сүйүү — Салтанат Ешанкоджаева менен таанышкан. 

Кашымбек Мусакулов 80 жашта, ал эми Салтанат Ешанкоджаева 83 жашта. Ешанкоджаева көпкө чейин макул болбой жүргөн. Учурда түгөйлөр өзүнчө жашап, мамилесин мыйзамдаштырууну чечишкен.

«Буга чейин күн суук болуп эч жакка чыга алган жокпуз. Эми кафе, ресторандарга барабыз», — дешти түгөйлөр.