Актаунун Назым Турсынова аттуу тургуну үч эм — эки уул жана бир кыз төрөдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
3 эмдин бирөө тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүп, операция жасалган. Азыр анын абалы жакшы.
Келин тогуз жылдан бери бала күтүп жүргөн. Анын айтымында, Кудай көпкө күттүргөнү менен дароо эле үч эм менен сыйланган. «Үч эм төрөлөт деп ойлогон эмеспиз. Бул чоң кубаныч. Төрөт ийгиликтүү өтүшү үчүн колдон келгендин баарын жасаган дарыгерлерге абдан ыраазымын жана үч балам менен үйгө чыктым. Мен бардык энелерге ушундай кубаныч каалайм», — дейт Назим Турсынова.