Казакстанда агасы бир тууган карындаштарын 17 жыл кулчулукта кармап келген

«Евразия» телеканалынын «Коремиз» берүүсүндө өз бир туугандарын эмгек кулуна айланткан адам тууралуу берүү көрсөтүлдү. 

Назгүл менен Кундуз Түркстан облусунун Эски Шилик айылында 17 жыл эмгек кулчулугунда жашашкан. Мындай үрөй учурган жагдайды эже-сиңдинин классташтары аныктап чыгып, жардам берүүнү суранышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыздардын ушундай абалга келип, ачкачылыкта жана кийимсиз жашап жатышына алардын агасы себепкер болгон. Көрсө, мамлекет аларга майыптыгы боюнча пенсия төлөп бергени менен ал киши эже-сиңдилердин акчасын бербей, кыздарды мал кайтарууга, оор шартта жашоого мажбурлаган.

Бир нече күн мурун эже-сиңдилер кулчулуктан бошотулган. Психотерапевт 27 жана 32 жаштагы кыздар менен маектешип, аларда шизофрениянын белгилери жок экенин аныктаган.