Тооктор кырылып… Казакстандагы айыл 1 айга карантинге жабылды

Караганды облусунун бир айылы тооктордун массалык кырылышына байланыштуу бир айга жабылды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты. 

Ахмет айылы карантинге алынды. Ал жактагы тооктордон Ньюкасл оорусу табылган. Вирустун жайылышына байланыштуу айылдан тоок азыктарын алып чыгууга тыюу салынды. Ушул күнгө чейин 223 канаттуу бул илдеттен кырылып калган. Алардын өлүктөрү айылга жакын жердеги мал көмүлгөн жерде өрттөлүүдө.

Ньюкасл вирусу тооктун дем алуу органдарына, ашказанына жана нерв системасына таасирин тийгизет. Бирок адамдын ден соолугуна эч кандай коркунуч туудурбайт. Калк жашаган аймактагы карантин акыркы оорулуу тоок аныкталгандан 30 күндөн кийин гана алынат.