Казакстанда айылдагы мугалимдер интернет издеп, жол боюнда отурууга аргасыз болушууда

Түркстан облусунун Казыгурт районуна караштуу Аккум айылы кооз пейзажы жана начар интернети менен белгилүү. Уюлдук телефондон үзгүлтүксүз чалуу үчүн жергиликтүү тургундар тоого чыгышы керек. Байланыш жана интернеттин жоктугунан айыл мектептеринин мугалимдери эң көп жабыр тартышууда.

Мугалимдер күн сайын электрондук журналдарды толтурушу керек. Ал эми мектеп окуучулары информатиканы теориялык жактан гана окууга аргасыз. Кененирээк Tengrinews.kz айтып берди. 

Ошол эле учурда мектептин өзүндө интернет бар. Бирок айына 10 гигабайт гана бөлүнөт. Бул жетишсиз, ал айдын алгачкы үч күнүндө эле бүтүп калат. Интернет ылдамдыгы жөнүндө сөз жок. Мектеп директорунун көрсөтмөсүнөн кийин мугалимдер интернет издеп жолго чыгышат. Мугалимдер моюнга алышкандай, алар эки жылдан ашык убакыттан бери ушундай жол менен иштеп келишет. Жолдун жээгинде туруп, ноутбук менен куралданган мугалимдер электрондук журналдарды толтурушат.

«Кээде тааныштар иштеген кафеге барабыз. Бирок ал жерде спирт ичимдиктерин ичип, эл ызы-чуу болот. Биз бурчта отуруп алып жумуш жасайбыз. Ар бир квартал сайын отчет берип турабыз. Кээде түнгө чейин иштеп калабыз», — дейт башталгыч класстын мугалими. 

Аткаминерлер айылда байланыш болот деп убада беришүүдө. Алар базалык станция туура эмес орнотулганын айтып, линияны узартууну көздөп жатышат. Так датасы белгисиз.