Казакстандын Актөбө облусунун Мугалжар районунда акимге карата административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, Мугалжар районунун Кудайберген Жубанов атындагы айыл округунун акими Ляззат Бердибаева колунда жоогазын гүлдөрү менен сүрөткө түшүп, аны социалдык тармакка жарыялаган. Ушундан кийин аял жаңжалдын чордонунда калды.
Аткаминер өзү жоогазындарды кыздары терип, белекке бергенин билдирген. Буга чейин акимчилик Кызыл китепке кирген бул гүлдөрдү терүүгө тыюу салынганын эскерткен.
Чиновниктин гүлдесте менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыялангандан кийин ИИМ иликтөө жүргүзүп, протокол түздү. Полиция аким гүл терген балдарына көз салбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылганын билдирди. Ошол эле учурда аталган башкармалык бул өсүмдүктөрдүн терилген учурда Кызыл китепке киргенби же жокпу так аныктоо мүмкүн эместигин, окуядан бери бир топ убакыт өткөндүгүн билдирди.