Казакстанда апасы менен уулун өлтүрүп, кызын бычактоого шектүү жанын кыйды

Актөбөдөгү убактылуу кармоочу жайдан аялды жана өспүрүмдү өлтүргөн деген шек менен кармалган жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» жазды. 

«Кармалган адамды мекеменин кызматкерлери түнү табышкан. Нөөмөтчү дароо биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Көрүлгөн чараларга карабастан, шектүүнү сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деп жазат аткаруу кызматынын Актөбө облусу боюнча башкармалыгы билдирген. 

11-апрелде 23 жаштагы Актөбөнүн тургуну эки же андан көп адамды өлтүрүү, ошондой эле жашы жете элек кызды өлтүрүүгө аракет жасоо фактыларына шектелип кармалган. 29-мартта үйдө 2 кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Анда 35 жаштагы аял 16 жаштагы уулу менен өлтүрүлгөнү, ал эми аялдын 13 жаштагы кызы оор жаракат алганы маалым болгон.