Казакстанда аскердик учак кулап, төрт адам каза болду

Кечээ, 13-март күнү Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде аскердик учак кулап, ичиндеги төрт адам жеринен каза болду. Дагы экөө оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул кулаган аскер учагы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына таандык «Ан-26» учагы болгон. Ал Нур-Султан – Алматы багытында учкан жерге конорго жакын кырсыктаган.

Учактын ичинде жалпы алты адам болгон. Алардын төртөө учак кырсыктаган мезгилде жеринен каза табышкан. Набыт болгондор; майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган), улук лейтенант Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган), Мухтар Сагынбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1995-жылы туулган) жана сержант Евгений Васильков (1986-жылы туулган) экендигин казак жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдашты.

Ошондой эле жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында учактын ичиндеги жаракат алган эки киши – 1987-жылы туулган Артем Аширов жана 1996-жылы туулган Бакыт Исламов (Бақыт Исламов) Алматы шаарындагы №4 клиникалык ооруканасында оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатышкандыгы айтылат.