Казакстанда асман түркүн түскө боёлду (сүрөт)

Синоптиктер 6-ноябрга караган түнү Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарынын тургундары байкаган жарыктын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Синоптиктер түшүндүргөндөй, жаркыроо геомагниттик активдүүлүктүн кесепети, аны Казакстанда өтө сейрек көрүүгө болот.

«6-ноябрга караган түнү республиканын түндүк, чыгыш жана борбордук аймактарында жаркыроо байкалды. Жаркыроону Күндөн бөлүнгөн заряддуу бөлүкчөлөр атмосферанын жогорку катмарындагы сейрек кездешүүчү газга таасир эткенде байкоого болот. Бул метеорологиялык кубулуш биздин кеңдиктер үчүн адаттан тыш көрүнүш жана аны өлкөдө көрүү өтө сейрек кездешет», — деп түшүндүрүштү синоптиктер.