Казакстанда асманда укмуштуудай кубулуш пайда болду

Фотограф Андрей Тюшин Казакстандын асманындагы укмуштуудай жаратылыш кубулушун тартып алган. Фотограф  24-апрелге караган түнү Батыш-Казакстан облусунда уюлдагы жаркыроону сүрөткө тартууга жетишкен.

«Уюлдагы жаркыроо дегенде эле биз дароо эле Исландияны, Финляндияны, Орусиянын түндүк тарабын ойлойбуз. Казакстан такыр ойго келбейт. Ал эми 24-апрелге караган түнү Жерде магниттик бороон болуп, Казакстанга чейин жаркыроону пайда кылган!» — деп жазды ал.