Казакстанда ата 4 баласы менен белгисиз затка ууланып каза болушту

Казакстандагы Алматы облусунда бир үй-бүлө белгисиз затка ууланып, беш адам каза болгонун Tengrinews.kz Алматы облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 4-майда Кольащы айылында катталган. ӨКМге 2 чоң адам менен 4 бала белгисиз затка ууланганы тууралуу маалымат түшкөн. «Кесепетинен 1984-жылы туулган эркек киши (атасы) жана төрт баласы (2010-жылы туулган кызы жана 2008, 2013, 2018-жылы туулган уулдары) каза болгон. Ал эми 1985-жылы туулган аял (апасы) жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала себеби белгисиз затка ууланган»,— деп айтылат маалыматта.