Казакстанда атасын сабаган шектүү мечиттин кызматкери экени айтылып жатат. Облус имамы үн катты

Түркстан облусунун баш имамы Ержан Толепов социалдык тармактарда атасын сабаган адам мечиттин кызматкери экени тууралуу маалымат тарай баштагандан кийин расмий билдирүү жасады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Имам өзүнүн Facebook баракчасына атасын мыкаачылык менен сабаган деп шектелген адам мечитте эч качан иштебегенин жазган.

«Расмий түрдө билдиребиз: аталган жаран Казакстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкери эмес. Ал эч качан диний иштер менен алектенген эмес», — деп жазган имам.

Ал ошондой эле шектүү тамада болуп акча табарын жазды.