Кечээ, 7-сентябрда социалдык тармактарда «Уулу атасын көчөдө сабады» деген видео тараган. Окуяга күбө болгондор киши оорулуу атасын сабаганын жазышкан.
«Уулу оорукчан атасын канжалата сабап салган. Өзү дааратканага да бара албаган киши аёосуз ур-токмокко алынган. Бул үй-бүлө эмес. Бул кыйноо. Бул кылмыш»,- деп жазган видеонун автору.
Казак ЖМКлары видео Түркстан облусунда тартылганын билдиришти. Түркстан облустук ички иштер башкармалыгы карыяны сабаган деп шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.