Казакстанда автобуста 25 адамды сактап калган окуучу медаль менен сыйланды

Алматыда “Жас Сарбаз” аскердик-патриоттук клубунун жаш мүчөсү Акжол Нурланулы сыйланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.  

Коргоо министри Руслан Жакшылыковдун буйругу менен 8-класстын окуучусу «Ел қорғаны» медалы менен сыйланды. Өспүрүм 22-ноябрда Иле районунун Өтеген-Батыр айылында автобуста эрдик кылган. Акжол Нурланулы журналисттерге автобусту айдап бара жатып айдоочу эсин жоготконун, жүргүнчүлөргө толгон автобусту кантип токтотууга жетишкенин айтып берди.

«Биз 219-автобуска отурдук. Анан бир нерсе туура эмес болгонун байкап, мага айтты. Ичиндегилер тынч эле отурду. Үйдү көздөй кетип баратканбыз. Мен педалдан айдоочунун бутун алып салдым дагы тормозу бастым. Автобус токтоду, анан мен жүргүнчүлөрдү чыгардым. 25 киши болчубуз. Кичинекей балдар, мектеп окуучулары, чоңдор да бар болчу», — деп эскерет ал.

Баатыр балага ыраазычылык кат жана белектер тапшырылды. Буга чейин Карасу райондук акимиаты өспүрүмгө ноутбук, облустук акимчилик iPhone телефонун белекке берген.