Казакстанда аял багып алган балдарын кул кылган

Казакстандын Жезказган шаарында аял 2018-жылы үч жашы жете элек баланы багып алган. Бул тууралуу «Тенгри ньюс» жазды. 

Бирок ал эки уул, бир кызды мал багууга, үй жумуштарын жасоого жана темир чогултууга мажбурлаган. Эгер алар иштерди жакшы жасабаса, ур-токмокко алган.

Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билип, Улуутау облустук прокуратурасына кабарлап, жашы жете электердин иштери боюнча сот аялды 4 жылга эркинен ажыраткан.