Казакстанда аял кошунасынын өрттөнүп жаткан үйүнөн 6 баласын алып чыккан

Шымкенттин тургуну күйүп жаткан үйдөн 6 баланы алып чыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Өрт 16-декабрга караган түнү болгон. Апасы балдарды ижарага алган үйгө жаткырып, кеткен. Балдар от менен ойноону чечип, үйдө өрт чыгарышкан. 

Марина Гафарова үйүнүн терезесинен кошуналарынын үйү өрттөнүп жатканын көргөн. Өрт өчүрүүчүлөрдү күтүүгө убакыт кетирбей, аял күйүп жаткан имаратты көздөй жөнөгөн. Ал бир секундага да ойлонбостон үйдөн жылаңаяк чуркап чыгып, үч метрлик тосмодон секирип, айнекти сындырып, кошуналардын үйүнүн ичине кирип, алты жашы жете элек баланы өрттүн ичинен алып чыккан.

«Балдардын ыйлаганын угуп, чуркап чыктым, үйлөрүбүз бири-бирине абдан жакын. Үйдө газ баллон бар болчу, ал жарылып кетмек», — дейт Марина Гафарова.  Ал өзү көп балалуу эне – жолдошу экөө төрт баланы тарбиялап жатышат.