Кечээ, 12-апрелде Алматыдагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине белгисиз адам баштыкка салынган аялдын башын таштап кеткен. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазып чыгышты.
«Шолохов базарына бир киши кирип, баштыгын таштап кеткен. Сатуучу чуркап чыгып, баштыкты берейин деп, кишини таппай калган. Баштыктан сатуучу аялдын башын көргөн. Полиция иш алып барып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда полиция Алматыда башы кесилген аялды өлтүргөн адамды издеп жатат. «12-апрель күнү саат 8:40та Шолохов көчөсүндөгү кароосуз калган имараттын жанынан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат тастыкталып, айтылган жерден 1976-жылы туулган, туруктуу жашаган жери жок, мурда баңги заты боюнча бир нече жолу соттолгон аялдын денеси табылган. Бир канча убакыттан кийин аялдын башы жакын жердеги соода түйүндөрүнүн биринен табылган», — деп билдирди Алматы полиция департаменти.