Шымкентте полиция кызматкерлери менчик бала бакчанын тарбиячысын кармашты. Байкоо камералары аялдын балдарга кол көтөрүп жатканын жазып алганын Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, «Айкөркем» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларынын биринин ата-энеси баланын денесинде көгала тактарды байкай башташкан. Ошондон кийин алар көзөмөл камераларындагы жазууларды текшерүүнү талап кылышкан.
Ата-энелер полицияга кайрылгандан кийин укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишин козгоду. Алар шектүүнү камакка алышкан. Шымкенттин акиминин орун басары Сарсен Куранбек түшүндүргөндөй, аял бала бакча жетекчилигинин буйругу менен жумуштан алынган.