Окуучуларга кол салган окуучунун иши сотко жөнөтүлгөнүн Түндүк Казакстан облустук сотунан маалымдашты.
2023-жылдын февраль айында Казакстандын Петропавловск шаарындагы №4 мектепте 9-класстын окуучуларынын бири мектепке балта жана бычак алып барып, жогорку класстын окуучуларына кол салган. Маалыматта 9-класстын окуучусу мектепке балта жана бычак алып барып, дааратканага кирип, бет кап кийип, коридорго чыгып, үч окуучуну жарадар кылганы айтылат. Эки окуучу башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен балдар ооруканасына жаткырылган. Үчүнчү окуучуга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандар 9-10-класстардын окуучулары болгон.