Казакстанда бассейнде чөгүп бара жаткан баланы байкап калып куткарып калышты

Астанада аял милиция кызматкери бассейндеги баланын өмүрүн сактап калды. Окуянын видеосу соцтармактарга тарады.

Окуя борбор калаадагы коомдук бассейнде болгон. Куткаруу учуру видео көзөмөлгө түшүп калган. Суунун астында эс-учун билбей жаткан баланы аял куткарып калганын көрүүгө болот. Андан кийин ага биринчи жардам көрсөтүшүп, баланы аман алып калышкан.