Казакстанда белден келген карда бейтаптарга бара жаткан дарыгерлердин видеосу

Казакстанда Тез жардам кызматынын фельдшерлери катаал аба ырайында бейтаптарга кантип жетүүгө аргасыз болоорун видеого тартып алышкан. Актөбө облусунун Хромтау шаарында Тез жардам кызматынын үч кызматкери бейтапка дээрлик бир сааттай жете алышкан эмес.

Видеодон белден келген карда дарыгерлер тизелеп, карда сойлоп бара жатканын көрүүгө болот. Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы видеонун автору менен байланышкан. 

Сая Рысбай Тез жардам кызматынын диспетчерлери бейтапка эмне үчүн мынчалык көп убакытты талап кылып жатканын түшүнүшү үчүн баарын камерага тартып алганын айтты.

«Чалуу жүрөгү ооруп жаткан бейтаптан түшкөн. Унаа менен жолдун жарымына гана жете алдык. Ал эми калган 2-3 чакырымды басып өтүүгө туура келди, анткени жолду кар басып калган экен. Бактыга жараша, кыйынчылык анча деле олуттуу болгон жок. Жеринде консультация берип, кардиограмма тарттык. Ооруканага жаткыруу боюнча эч кандай көрсөткүчтөр болгон жок», — деди Хромтау шаардык медициналык Тез жардам станциясынын келген бригадасынын улук фельдшери.

Видеодогу дарыгерлер  —  фельдшер Бауыржан Кудияров, улук фельдшер Сая Рысбай жана фельдшер Кайрат Тлеу.