Казакстанда бир суткада 1257 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы суткада 1257 адам коронавирус жуктурганы маалым болду. Бул тууралуу казакстандык республикалык штаб билдирген.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, акыркы жумада вирус жуктургандардын саны 2,5 эсе көбөйгөн.