Казакстанда бир үйүр жылкы поезддин алдында калды

Акмола облусунда жүк ташуучу поезд үйүр жылкыны тебелеп кетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz ИИМге шилтеме берүү менен жазды. 

25-февралда Көкшетау-Жамантуз станциясында жүк ташуучу поезддин машинисти темир жолдо жылкылар болгондуктан авариялык тормозду баскан. Кырсыктын кесепетинен 32 жылкы поезд алдында калды. 

«Көкшетау станциясына Игилик айылынын 28 жаштагы тургуну аныкталган. Ал үй жаныбарларын темир жолго чыгуусуна түрткү болгон. Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 559-беренесинин 1-бөлүгү менен административдик айып салынды», — деп айтылат маалыматта.