Казакстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттүү болобу? Тийиштүү мыйзам каралууда

Казакстандын Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары «Онлайн-платформа жана онлайн-реклама жөнүндө» мыйзамын кабыл алышты. Ал бул тармактагы ишмердүүлүктү укуктук көзөмөлгө алууга багытталган.

Тагыраагы мыйзамга «онлайн-платформанын колдонуучусу» жана «инфлюенсер (блогер)» деген түшүнүк киргизилип, алардын укугу жана милдеттери аныкталууда. Мыйзамга ылайык, онлайн-платформаларда калп маалыматты жайгаштыруу жана жайылтууга тыюу салуу каралып жатат. Андан тышкары онлайн-платформалардын ээлерине ишенимдүү маалыматка каршы күрөшүү жана салыктан качуу боюнча мамлекеттик органдар менен милдеттүү кызматташуу каралууда.

Жогорудагы мыйзам парламенттин төмөнкү палатасында жактырылган соң, ал Сенатка (парламенттин жогорку палатасы) кароого жөнөтүлөт. Сенат тарабынан жактырылып, президент тарабынан кол коюлгандан кийин соцтармактын популярдуу колдонуучулары кирешесинен салык төлөөөгө милдеттүү болуп калышат. Ошондой эле, алар жарыяланган контент үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттендирилет.