Казакстанда борбор калаанын аталышын Нур-Султандан Астанага кайтаруу көтөрүлдү

Казакстанда борбор калаанын аталышын Нур-Султандан Астанага кайтаруу көтөрүлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Мындай демилгени Мажилистин «Жаңы Казакстан» депутаттык тобунун мүчөлөрү айтып чыгышып, бул чечим жарандардын суроосуна жооп да болорун айтышкан.

«Көзү тирүү кезинде адамдын ысымын шаарга ыйгаруу туура эмес деп эсептейбиз. Анын үстүнө, эл да борбор калаанын жаңы аталышын кабыл алган жок. Шаардын мурдагы Астана деген аталышын кайтаруу тарыхый жактан адилеттүү болот. Ал өз кезинде биринчи президент тарабынан сунушталган», — деп жазылат маалыматта.