Казакстанда чачка кам көрүү кыйындаганы маалым болду

Казакстанда бир жыл ичинде шампундар 40 пайыздан ашык кымбаттады. Бул тууралуу Tengrinews.kz Улуттук статистика бюросунун басма сөз кызматына таянуу менен жазды. 

«Бир жылда шампундар 41,7 пайызга кымбаттаган. Ошол эле учурда бул тармакта өндүрүштүн төмөндөшү байкалган. Ошентип, 2022-жылдын 12 айында 606 тоннадан ашык продукция өндүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, импорт 18,1 пайызга өскөн. Импорттун 24,3 миң тоннасын шампунь жана чачка спрей түздү. Импорттук продукциянын үлүшү 97,6 пайызды түзгөн.