Жамбыл районунун Турар Рыскулов атындагы тилкесинде бир үйүр жылкы чагылган түшүп өлдү. Окуя Тереңөзек айылына жакын тоолуу аймакта болгон.
«Малынан ажыраган айыл тургундары азыр чыгашага учурап, кантип күн көрөрүн билбей калышты» деп билдирет Tengrinews.kz сайты.
Нурболат Мырзакулов 20 жылдан бери багбанчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Эки жыл мурун 3,5 миллион теңгеге жеңилдетилген насыя алып, жылкы сатып алган. Бирок бир нече күн мурун малды чагылган өлтүргөн. Натыйжада сарай ээн калган. Дыйкан мындай абал облуста биринчи жолу болуп жатканын айтат. Ошондой эле мындай абалга дагы 7 үй-бүлө кептелген.