Щучинскте 65 жаштагы мектептин мугалими көлгө чөгүп бара жаткан баланы куткарып жатып каза болду. Маалыматты Акмола облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы тастыктады.
«Кечээ Щучинск шаарына жакын жайгашкан көлдө сууга чөгүп бара жаткан баланы сактап калган 1958-жылы туулган адам чөгүп кеткен. Ал баланы сактап калууга үлгүргөн. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар адамды жээкке алып чыгышып, биринчи жардам көрсөтүшкөн. Бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес»,— деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү маалымат каражаттары баланын өмүрүн сактап калган эмгек сиңирген мугалим Александр Иванович Руденко экенин жазышты.