Казакстанда да сойкуларды кармоо иштери жүрүп жатат (видео)

Астана полициясы тарабынан 43 кыз интимдик кызмат көрсөткөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды. 

Алардын Kizdar.net сайтында жарнамаланган кыздар экени аныкталган. «Операциянын жүрүшүндө Kizdar.net сайты аркылуу жарыяланган сауналар, денеге массаж жасоочу бөлмөлөр, интимдик кызмат көрсөтүлгөн батирлер текшерилди. Полицияга 43 кыз жеткирилди», — деп билдиришти Астана ШИИБинин басма сөз кызматынан.