Казакстанда дагы 3 облус түзүлөт. Президент жарлыкка кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыр республикада Улытау, Жетису жана Абайды эсепке алганда 17 облус болот. Коңшу облустардан райондордун чыгып кетишинен улам жаңы облустар түзүлдү. 16-мартта Казакстан элине кайрылуусунда Касым-Жомарт Токаев Абай аймагын борбору Семей шаарында түзүүнү сунуштаган. Токаевдин дагы бир демилгеси мурдагы Жезказган облусунун аймагында Улытау аймагын түзүү болду.

Мындан тышкары, президент Алматы облусун экиге – Жетису жана Алматы облустарына бөлүүнү сунуштады. Жарлык 8-июндан тарта күчүнө кирет.