Казакстанда самокаттар транспорт катары кабыл алынып, аны айдоочулук күбөлүгү барлар гана айдай алышат

Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов Казакстандын жолдорунда электр самокаттар кандай жүрүшү керек экенин айтып берди. Бул мыйзамды ага чейин коңшу өлкөнүн депутаттары колдоп беришкен.

Ага ылайык, жашы 18 жаштан жогору, айдоочулук күбөлүгү бар гана жарандар электр самокаттарды айдай алышат. «Унаа жолдун эң четки оң тилкеси менен жүрсө болот. Башында шлем жана түнкүсүн жарык чагылдырган кийими болушу шарт«, — деди министр. 

Тротуарларда жөө жүргүнчүлөрдүн ылдамдыгы менен гана жүрүүгө уруксат берилет, бул саатына 6 чакырымды түзөт. Велосипед жолдорунда жана жол жээктеринде ылдамдык саатына 25 чакырымдан ашпашы керек. Ал эми самокаттарга номур берүү азырынча карала элек.