Казакстанда Хабиб Нурмагомедов катышкан турнирдин уюштуруучусу кармалды (видео)

Актауда мушкер Хабиб Нурмагомедовдун катышуусундагы турнирде полицияны түрткөн уюштуруучу 10 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Мангистау облусунун полициясы билдирди. 

Маалыматка караганда, 16-июлда Актауда «Naiza 41 х Eagle 48» эл аралык турнири өтүп, ага Хабиб Нурмагомедов катышкан. Расмий маалымат боюнча иш-чарага 15 миңден ашуун көрүүчү чогулган. 

Белгисиз адамдын Хабибге жакындоо үчүн полиция кызматкерин түртүп ийген видео тараган. Кийин анын турнирдин уюштуруучуларынын бири экени маалым болгон. «Видеодогу адамдын аты-жөнү такталып, ал Актау РИИБге жеткирилген. Ага карата Казакстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү (майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлгөн. Материал административдик сотко жөнөтүлдү», — деп айтылат милициянын маалыматында.